КЕМАНЧА музыкалык аспап
Jump to navigation
Jump to search
КЕМАНЧА, кяманча (персче кеман – жаа) – азербайжан, армян, грузин жана дагестандыктардын байыркы жаалуу тартма музыкалык аспабы. Ошондой эле Орто жана Жакынкы Чыгыш элдеринин да музыкалык аспабы. Кеманча тулкусу жыгачтан чабылат. Чарасы жука, балыктын териси менен капкакталат. Моюну узун, ичке буту темирден, кеманча тизеге коюп, жерге коюп отуруп ойнолот. Кеманча 2, 3, 4 кылдуу болот. Жалпы узундугу 850-900 миллиметр. Жеке, ансамблде, эл аспаптар оркестринде ойнолот. Ырларды, аспаптык чыгармаларды коштоого алат.