ИМПРЕСАРИО
Jump to navigation
Jump to search
ИМПРЕСАРИО (италянча imprendere – иш баштоо) – буржуазиялык өлкөлөрдө оюн-зоок, концерт көрсөтүүчү, уюштуруучу менчик ээси, көрүнүктүү гастролчу артисттин атынан контракт, келишим түзүүчү агент. Италияда XVI–XVIII кылымдарда менчик топтордун (группалардын) ээлери, уюштуруучулары, театр директорлору да импресарио деп аталган.