ЖОКТОО КҮҮЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:10, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖОКТОО КҮҮЛӨРҮ''' – абалтан эле комузчулар ар кандай жанрдагы, түрлөрдөгү күүлөрдү чыгаруу ме...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖОКТОО КҮҮЛӨРҮ – абалтан эле комузчулар ар кандай жанрдагы, түрлөрдөгү күүлөрдү чыгаруу менен бирге жоктоо күүлөрүн чыгармачылыктарында кеңири өнүктүршкөн. Алар эл башчылары, эр жүрөк баатырлар, айтылуу шайырлар, караал тутуп, карманган кара чечекей балдарынан, өйдө чыкса – өбөк, ылдый түшсө – жөлөк болгон ата-тууган жана башкаларынан айрылганда комузга, кыл кыякка жана башка аспаптарга муңдуу, өксүгөн, шолоктогон кайрыктарга бай салмактуу күүлөрдү чыгарышкан. «О, Керимбай, ботом», «Моюнчан» деген жана башка күүлөр комуз музыкасындагы жоктоо күүлөрүнүн үлгүсү. Жоктоо күүлөрү ыр түрүндө чыгарылып, кийин карандай кайрыктагы кара күү түрүндө (ырсыз) аткарылган. Мисалы, Тоң районунун Тогуз-Булагында жашаган Сарбан Садык дегендин Керимбай аттуу уулу эл камын жеген эр азаматтардан болот. Бирок ал күлгүндөй 25 жаш курагында каза табат. Ошондо атасы «Каз, каркылдап көл сактайт, карып бир калган ата-энең, кайда бир барып жан сактайт» дегендей саптары өзөктү өрттөгөн «О, Керимбай, кулунум» аттуу күүсүн чыгарат. Ырдын коштоосунда жана коштоосуз чертилген ал жоктоо күүлөрү аткарылардын алдында кыскача тарыхтары таржымалданып, анан чертилген.