ЖУНУСОВА Мира Карбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:46, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖУНУСОВА''' Мира Карбековна (21.5.1951-жылы туулган,  Фрунзе – 2016, Бишкек) – айыл чарба илимдеринин...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖУНУСОВА Мира Карбековна (21.5.1951-жылы туулган,  Фрунзе – 2016, Бишкек) – айыл чарба илимдеринин доктору (2007).  КМУнун   бүтүргөн (1973).   Эмгек жолун  Кыргызстан  дыйканчылык ИИИде    лаборант болуп баштаган. 1976–79-жылдары СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн Генетика жана цитология ИИИде аспирант. 1979-жылдан Кыргызстан дыйканчылык ИИИге караштуу Ысык-Көл тажрыйба-селекция станциясында илимий кызматкер болуп иштеген .   1981–91-жылдары Кыргызстан дыйканчылык ИИИде улук илимий кызматкер жана биотехнология лабораториясында бөлүм  башчы жана 1991–96-жылдары  К.И. Скрябин атындагы КАЧИде  кафедрада доцент, кафедра башчысы,  1996-жылдан Кыргызстан дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы,  2004-жылдан   Кант районундагы  «МИС»  айыл чарба кооперативинде бөлүм башчы,  бир эле убакта КАУда   профессор, Чет элдик программалар м-н иштеген.  Бардыгы 80ден ашык илимий эмгектин  жана буудайдын 11 сортунун  автору. Эмг.: Генетические основы создания короткостебельных сортов пшеницы для орошаемых условий Кыргызстана, Б., 2002; Выращивание зерновых  культур, Б., 2002.