ДҮЙШЕМБИЕВ Нурдин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:43, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ДҮЙШЕМБИЕВ''' Нурдин (10.8.1946-жылы туулган, Нарын обл., Кочкор р-ну, Кум-Дөбө  айылы)  – окумуштуу а...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ДҮЙШЕМБИЕВ Нурдин (10.8.1946-жылы туулган, Нарын обл., Кочкор р-ну, Кум-Дөбө  айылы)  – окумуштуу агроном , айыл чарба  илимдеринин доктору (2007), профессор (2008). КАЧИни  бүтүргөн (1974).  1974-жылдан КАЧИнин окуу-тажрыйба  чарбасында агроном, тажрыйба талаасынын башчысы болуп иштеген. 1977–жылдан КАЧИде   илимий кызматкер, кийин кафедрада ассистент, улук окутуучу, доцент, декандын орун басары, кафедра башчысы, агрономия факультетинин деканы, агрохимия кафедрасында  профессор (2008).   Бардыгы 130  илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы,1 окуу китеби жарык көргөн.  Эмг.: Оптимизация  системы удобрения культур свекловичных  севооборотов в Кыргызстане: монография. –Б.,  2002.-127 с.