ДАВЛЕТАЛИЕВА Нурила Емельбековна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:35, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ДАВЛЕТАЛИЕВА ''' Нурила Емельбековна (1956-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин   докто...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ДАВЛЕТАЛИЕВА  Нурила Емельбековна (1956-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин   доктору (2015). И. К. Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1983). Эмгек жолун  КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин  академик М. М. Миррахимов  атындагы   КТУБда кенже  илимий кызматкер болуп  иштеп  баштаган. Ошол эле жерде улук илимий кызматкер, уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн  башчысы; Өпкө оорулары боюнча кыргыз-финн долбоорунда координатор; “Кыргыз Республикасында  өпкө ден соолугун чыӊдоо долбоорунда” консультант;  И. К. Ахунбаев атындагы  КММАда ассистент, доцент, кафедрада профессордун  милдетин аткаруучу, дипломдон кийинки билим  секторунун башчысы, окуу-методикалык  ж-а  уюштуруу иштер башкармалыгынын начальниги.  Бардыгы 56  илимий  эмгектин, анын  ичинде 1 монография, 4 жетекчилик, 6 окуу-методикалык курал, 2 сунуштун автору.

Эмг.:  Диагностика, лечение и менеджмент  болезней органов дыхания  в Кыргызской Республике в 2003–2010-гг.– Б., 2012.  -128 с.