ЖЕҢИЛ МУЗЫКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:31, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖЕҢИЛ МУЗЫКА''' – кабыл алууга элпек, негизинен көңүл көтөрүүгө арналган оюн-зоок музыкасы. Ма...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖЕҢИЛ МУЗЫКА – кабыл алууга элпек, негизинен көңүл көтөрүүгө арналган оюн-зоок музыкасы. Мазмуну менен формасы жөнөкөй, обону үйрөнүүгө оңой. Жеңил музыканын негизги жанрларына марш, чакан увертюра, сюита, рапсодия, курама күү (попурри), оперетта, балет темаларына жазылган фантазия, эстрадалык ырлар, обондуу ырлар менен романстардын айрым түрлөрү кирет. Жеңил музыканын айрым белгилери А. Моцарт, Ф. Шуберт өңдүү композиторлордун чыгармаларында да болгон. XIX кылымда Й. Ланнер, Ж. Оффенбах жана ата-бала Штраустар жеңил музыканын классикалык үлгүлөрүн жараткан. Жеңил музыка күндүн музыкасында да маанилүү орун ээлейт. Жеңил музыканын бир тармагы – джаз. Советтик композиторлор жеңил музыканын жакшы салттарын, элдик бийлерин, обондордун интонацияларына айкалыштырып, чыгармачылык менен өркүндөтүшкөн. 1958-жылдан тартып совет дооруна жеңил музыканын эл аралык фестивалдары өткөрүлө баштайт. Кыргызстан эгемендик алгандан баштап эстрада ырчыларынын ар кандай сынактары, фестивалдары өтө баштады (мисалы, Кыргыз телерадио-корпорациясы уюштурган эстрада ырчыларынын «Ысык-Көл-2000», «Ысык-Көл-2001» жана башкалар).