ЖАР КӨРҮШҮҮ кошумча маалымат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЖАР КӨРҮШҮҮ''' – кыз оюндарында аткарылчу салт ыры. Жигиттер менен кыздар экиге бөлүнүп, музык...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЖАР КӨРҮШҮҮ – кыз оюндарында аткарылчу салт ыры. Жигиттер менен кыздар экиге бөлүнүп, музыкалык аспаптардын (комуздун, кыл кыяктын жана башка) коштоосунда (кээде коштоосуз эле) кайым айтышкан жана ар бир тарап өзүнүн сөз тапкычтыгын, аткаруучулук чеберчилигин көрсөткөн. Оюнда кыздар менен жигиттер жеке же кошулуп секетпай-күйгөндөрү, ашыктык ырларын ар кандай обондордо ырдашкан. Кыргыздын жар көрүшүүсүндө, үйлөнүү тойлорунда ырдалган өзбектердин «Ёр-Ёр», казактын «Жар-жарына» мазмундаш «Жар-жар ай» аттуу той ыры да аткарылган. Аларды кыздар, келиндер, жигиттер ырдашкан. Композитор А. Түлөев, акын А. Осмоновдун сөзүнө «Жар көрүшүү» аттуу хорду жазган.