ДИССОНАНС
Jump to navigation
Jump to search
ДИССОНАНС (латынча dissono – күүлөнбөй угулуу) – үндөшүүлөрдүн (үндөрдүн) бири-бирине коошпой угулушу. Диссонанс добуштун жагымдуу угулушуна (консонанска) карама-каршы. Диссонанстын коошпогон үндөрү, музыкада жай, жумшак мүнөздөгү үнгө (сонанска) өтүшү аккордук чечилүү деп аталат. Диссонанс өзүнүн туруксуз үндүүлүгү, күчтүү мазмундуулугу менен ладдын жана обондун негизи боло албайт. Бул анын консонанстан айырмалоочу белгиси. Ошондуктан диссонанс жана консонанс гармонияда үндүн (добуштун) туруксуз угулушу деп аталат.