ДЕКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:44, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ДЕКА''' (немисче decke – капкак) – чертме, тартма музыкалык аспаптардын чараларына ар кандай үлгү...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ДЕКА (немисче decke – капкак) – чертме, тартма музыкалык аспаптардын чараларына ар кандай үлгүдө жасалып жабылган (капкакталган) жука тактайча. Ал аспаптардын добуштарын күчөтүүчү жана добуш толкундарын жаңыртуучу милдетти аткарат. Капкак арчадан, өрүктөн, жыгачтан жана башкалардан жасалат. Кыргыздын кыл кыягы, өзбектин, тажиктин гиджагы жана башкалар тери менен капкакталган. Комуз, скрипка, гитаранын капкактары карагай, арча жана башка жыгачтардан жасалат.