ГУАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:34, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ГУАНЬ''' (кытайча guan – түтүк) – кытайлардын сурнайга түспөлдөш кош чымылдактуу үйлөмө музыкал...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ГУАНЬ (кытайча guan – түтүк) – кытайлардын сурнайга түспөлдөш кош чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспабы. Ал катуу жыгачтан, бамбуктан, кээде коргошундан да жасалат. 7 көзөнөктүү, бирөө карама-каршы жагында. Чоң гуань (дагуандын) узундугу 250 миллиметрге чейин, кичинекей гуань (сяогуандын) узундугу 200 миллиметрге чейин келет. Жеке, элдик ансамблде, оркестрде ойнолот.