ГИДЖАК
Jump to navigation
Jump to search
ГИДЖАК, гыджак – тажик, уйгур, өзбек, түркмөн элдерине кеңири тараган жаалуу тартма байыркы музыкалык аспап. Бир түрү кяманча деп аталып, 2-3 кыл тагылат. Квартага күүлөнөт. Гиджакта жеке ойноо кеңири тараган. Ошондой эле ансамблде да ойнолот. Өзбектердин өркүндөтүлгөн гиджагына 4 кыл тагылат. 20-30 жылда альт, бас, контрабас түркүмдөрүнөн турган оркестр уюштурулган. Алардын баардыгы эл аспаптар оркестринин өзөгүн түзгөн.