ГАЛЬЯРДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ГАЛЬЯРДА''' (италянча gaqliarda, француз тилинде gaillarde – шайыр) – италиялыктар менен француздардын...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ГАЛЬЯРДА (италянча gaqliarda, француз тилинде gaillarde – шайыр) – италиялыктар менен француздардын эски бийи. Алгач ылдамыраак кыймылда бийленсе, кийин жандуу, кубаттуу мүнөзгө ээ болгон. XVI–XVII кылымдарда Батыш Европанын эң сүйүктүү бийине айланган. Ошону менен бирге аспаптык, айрыкча жаалуу тартма музыкада өзгөчө орунду ээлейт. Гальярда адатта, жай, салтанаттуу павана бийинен кийин аткарылган. Бул бири-бирине контрастуу бийлер XVI–XVII кылымдын аспаптык сюиталарынын уюткусун түзгөн.