БАЛБАН музыкалык аспап

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:07, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАЛБАН, балабон – 1. Өзбек менен тажиктердин тыт жыгачынан жасалган сурнайга түспөлдөш кош чымылдактуу байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Узундугу (чымылдаксыз) 300 миллиметр, капталында 7 добуш чыгаруучу көзөнөктөрү бар. Аткаруучулар негизинен жеке ойношот. 2. Дагестандыктардын камыштын сөңгөгүнөн жасалган жалгыз чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспабы. Жалпы узундугу 150–200 миллиметр 5тен 8ге чейинки көзөнөктөрдөн турат. Балбанды аварлар лалу деп аташат.