АБДЫКЕРИМОВ Сарымсак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:02, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКЕРИМОВ Сарымсак (1933-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айылы) - анатом, медицина илимдеринин доктору (1989). КММИни бүтүргөн (1958), СССР МИАнын адамдын морфологиясы илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (1961), И. М. Сеченев атындагы Москва 1 медицина институтунун докторантурасын бүтүргөн (1983). 1988-жылдан КММИде кафедра башчы. Адамдын анатомиясы боюнча адис. Ал 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 1 монографиянын автору.

Эмг.: Анатомия и топография лимфатических сосудов и региональных лимфатических узлов слепой кишки у детей раннего детства. М., 1983.