АБДРАИМОВ Апсамат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:51, 3 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ Апсамат (1929-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Сарыпар кыштагы) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1947-жылдан Ош облусунун

АБДРАИМОВ 119.png

Кара-Суу районундагы Киров атындагы колхоздун пахтачылык звеносунун башчысы. 1961-жылдан пахта өстүрүүчү механикалаштырылган комплекстүү бригаданын бригадири. Ал башкарган бригада 1964-жылы 110 га жердеги пахтанын ар гектарынан 34,5 цден, 1965-ж. 33,1 цден пахта жыйнап алган. 1963–67-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1966–70-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.