БАЙЫРКЫ КЫТАЙ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:11, 1 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАЙЫРКЫ КЫТАЙ ТИЛИ – биздин заманга чейинки 14-кылымда Хуанхэ дарыясынын өрөөнүндө, кийинчерээк улуу кытайдын аймагында түзүлө баштаган кытайдын стандарттык салттуу адабий тили. Ал латын жана кирилл алфавиттеринен бир кыйла айырмаланат. Анда алфавит жок, тамгалардын ордуна иероглифтер колдонулат. Бүгүнкү күндө алардын саны 80 миңден ашса, көп колдонулган символдордун саны 3 миңден көп. Уламыштар боюнча байыркы кытай жазуусунун алгачкы авторлору сегиз триграмманы жараткан Фу Си жана алгачкы 540 белгини ойлоп тапкан Кан Цзе болгон. Байыркы мезгилде алар таш баканын панцири же башка жаныбарлардын сөөктөрүнө (цзявен), ошондой эле диний ырым-жырымга колдонулган ар кандай коло идиштерге (цзиньвен) жазылган. Негизи бир нече доорлордо (падышачылык) колдонулган кытай каллиграфиясы чжуаншу («басма түрүндөгү расмий иероглифтер»), лишу (Цинь, Хань династияларында пайдаланылган), кайшу (Хань доорунан азыркы мезгилге чейинки жазуу), синшу ( б. з. 25–220-жылдарынан башталган «уставдык жазуу»), цаошу (ылдамдыкта жазылган иероглифтер) деп аталган түрдүү стилдерге бөлүнүп каралат. Ошондуктан байыркы кытай тили жазуу жүзүндө бүткүл Чыгыш Азия (Япония, Корея, Вьетнам ж.б.) үчүн жалпы адабий койне («жалпы диалект») болуп калган жана бул функция 1919-жылга чейин аткарылган. Ошол эле жылы 4-майда кабыл алынган эрежеге ылайык байхуа («түшүнүктүү тил») расмий жазуу тили катары кабыл алынган. Байыркы кытай тили негизи кытай-тибет тилдерине (кытай бутагы) кирет. Байыркы кытай тилинин жаралышы боюнча алиге чейин бирдиктүү пикир калыптана элек. Көпчүлүк изилдөөчүлөр анын негизин Цинь империясына чейин колдонулган диалектилердин бири катары баалап, б. з. ч. 3-кылымдардан мурунку доордун оозеки тилин чагылдырат деп эсептешет. Кээ бир синологдор байыркы кытай жазма тили өзүнчө тил болуп, ал алгач ритуалдык кызмат аткарган жана башында түздөн-түз оозеки тилге тиешеси болбогонун белгилешет. Ошондуктан байыркы кытай тилинин тарыхындагы эң негизги (классикалык) мезгил биздин заманга чейинки 5-2-кылымдар болуп саналат. Соңку тарыхый жазууларынын (б. з. ч. 2-кылымдан же Сыма Цяндан баштап б. з. 2-кылымына чейин) тили анык классика катары кабыл алынган. Так ушуларда байыркы кыргыздардын бир канча этникалык аталыштары катталып калган. Алар ар кайсы доорго жараша «гэкунь» (цзянькунь), «цзегу», «цигу», «хэгу», «хэгусы», «сяцзясы», «цзилицзисы», «булутэ» ж.б. түрүндө кезигет. Булардын баарысы кытай булактарында бир эле эл (кыргыз) же мамлекет (ээлик) катары каралат. Сыма Цяндын «Тарыхый жазмалар» (Ши цзы) деген эмгегинде «гэкунь» (кыргыздар) жөнүндө маалыматтардан тышкары бир катар ар кайсы мезгилдеги тарыхтарда «кыргыз» деген этнонимине тыкыс байланышкан XV кылымга чейинки тарыхый окуялар камтылган. Классикалык доордогу байыркы кытай тилинин жазуу жана оозеки формаларынын ортосунда олуттуу айырмачылыктар болгон. Өтө эски жазуу формасы көптөгөн диалектилерде түшүнүктүү болбой калгандыктан аны өздөштүрүү үчүн атайын даярдык талап кылынып, текстти түшүндүрүүгө атайын комментарийлерди берүүгө туура келген. Натыйжада Тан династиясынын (618–907) тушунда окумуштуу, акын, жазуучулар жазуу жана оозеки тилдеги карама-каршылыктарды байыркы кытай тилинде көбөйүп жаткан оозеки элементтерден тазалоону чечип, падышанын буйругу иретинде бир топ оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизишкен. Ага карабай соңку доорлордогу оозеки тилдин элементтери негизинен байыркы кытай тили, будда адабияты, ар кылдагы поэзия ж. б. аркылуу калыптанган. Байыркы кытай тили муун тилиндеги изоляциялык типке кирет.

Ад: Яхонтов С. Е. «Древне китайский язык» М., 1965.

Б.Сурапбаева