ИНТОНАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:01, 1 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ИНТОНА́ЦИЯ (лат. intonatio – сүйлөө, көтө­рүңкү сүйлөө) – тилдик татаал кубулуштурдын бири, башкача айтканда морфологиялык жана синтаксистик каражат­тар менен бирге колдонулган түрдүү фонететикалык бирдик­тер интонациянын фонетикалык бирдиктери: обондуулук, ыр­гактуулук, кубаттуулук, ыкчамдык, тембр жана басым. Грамматикалык милдети боюнча жалпысынан су­роолуу, илептүү жана жай интонация болуп бири-бири­нен айырмаланат. «Интонация» ушул күнгө чейин толук изилдене элек. Бирок «интонация» оозеки речтин (сөздүн) анык белгиси жана мүнөздөмөсү. Ансыз оозеки сөздүн айтылышы мүмкүн эмес. Анткени «интонация» айтылуучу ойду ар түрдүү ички сезим менен толук жана кылдат билдирүүдө өзгөчө роль ойнойт.