АБЫКЕЕВ ЧОЛПОНБЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Батма (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "ЧОЛПОНБЕК АБЫКЕЕВ [16. 08. 1957, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Кочкор району, Кара-Саз (...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЧОЛПОНБЕК АБЫКЕЕВ [16. 08. 1957, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Кочкор району, Кара-Саз (азыркы Ормон хан) айылы] – жазуучу, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу (2021). Аскердик кызматын Ленинград аскер округундагы Мурманск шаарында өтөгөн (1975–1977). СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (журналист) бүтүргөндөн кийин (1983) Талас облусунун Манас районунда райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы, Кайыңды айылдык советинин аткаруу комитетинде төрага, Кочкор райондук «Эмгек Туусу» гезитинде бөлүм башчы (1983–1989), Бишкек шаарынын «Бишкек шамы» гезитинде бөлүм башчы (1990–1991) болуп, 1991- жылы Кыргыз Республикасындагы биринчи эркин гезит «Аалам» гезитин негиздеп, 2005-жылга чейин ошол гезиттин башкы редактору болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы (2005–2008), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинин директору (2008–2010), Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар Союзунун башкармасынын төрагасы (2011–2014), «Дордой» Ассоциациясынын Президентинин кеңешчиси (2014–2020), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси (2020–2021), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кызматтарын аркалаган (2021–2022). 1996-жылдан тартып Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, 2022-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. Бир катар роман, повестердин жана аңгеме, новеллалардын автору, 2011-жылы 3 томдук тандалган чыгармалар жыйнагы жарык көрүп, жалпы 22 жыйнагы басмадан чыккан. Чыгармалары орус, түрк, украин, уйгур, башкыр тилдерине которулган. Кыргыз тилиндеги чыгармаларынын ичинен «Кызыл көйнөкчөн келин» деген повести 150 миң нускада жарык көргөн. «Бриллиант жылан» романы 12 жолу кайра басылып, жалпы нускасы 200 миңден ашкан. Кыргыз адабий чыгармачылыгында мынчалык ири нускада жарык көргөн чыгармалар болгон эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы, Эл аралык «Ihterhews Network» уюмунун «Стремление» сыйлыгы, Түрксой Эл аралык уюмунун алтын медалы ж.б. ушул сыяктуу бир нече сыйлыктар менен сыйланган.