АБХАЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:27, 28 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБХАЗДАР (өздөрүн апсуа деп аташат) – Абхазиянын жергиликтүү калкы. Жалпы саны 300 000 киши, анын 122 миңи Абхазияда (2011). Абхаздар дүйнөнүн 52 өлкөсүндө жашашат. Абхаз диаспорасынын көпчүлүгү Түркия, Россия, Сирия, Германия, Украина, Грузия, Иордания, АКШ, ошондой эле Батыш Европа жана араб өлкөлөрүндө. Абхаздар Кавказдын Кара деңиз жээгинде жашаган байыркы элдерден.

Апхъарцта ойноп жаткан абхаз.

Христиан дини биздин замандын IV кылымынан, ислам дини XVI кылымдан тараган. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балчылык, аңчылык менен кесип кылышат. Эркектер бешмант, черкеска, шаровар бурка, башлык, папах кийишип, белдерине ичке кемер кур курчанып, канжар тагынышкан. Аялдары бели кыналган, тик жакалуу көйнөк, кыздары кездемеден шырылган корсет кийишкен. Тамак-ашы негизинен сүт, эт азыктарынан даярдалып, салттуу тамак-аш катары жүгөрү ботко (абыста), фасоль, бал, аджика, ошондой эле жүзүмдөн жасалган арак, вино колдонушат.