БАГАТЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:02, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАГАТЕЛЬ (французча bagatelle ‒ майда-чүйдө) ‒ жеӊил аткарылуучу, чакан, көбүнчө фортепьяно үчүн жазылган музыкалык чыгарма. «Багатель» деген түшүнүктү алгач Ф. Куперен киргизген. Кийин Л. Бетховен, А. К. Лядов, А. Дворжак сыяктуу композиторлор тарабынан өркүндөтүлгөн. XX кылымдын композиторлорун пьесалык чыгармалардын циклдериндеги ар бир пьесанын музыкалык тилинин өз алдынча изденүү мүмкүнчүлүгү кызыктырган. Ф. Бузони, Ф. Пуленк, Б. Барток, А. Веберн кылдуу аспаптар квартети үчүн багатель жазышкан.