АЯНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЯНТ--план боюнча курулган имараттардын аралыгындагы коомдук мааниси бар жашылдандырылган бош жер. Шаарларды жана кыштактарды курууда аянт эки түргө бөлүнөт: башкы аянт (театр, вокзал, соода, коомдук-административдик имараттардын алдында); кичи аянт (эстеликтердин, парктардын, стадиондордун, окуу жайлардын жана өнөр жай ишканаларынын алдында). Египетте, Грекияда жана Римде форумдар үчүн, ал эми Кайра жаралуу доорунда собордук жана табынуу үчүн курулган имараттардын алдында аянттар болгон. Дүйнөдөгү белгилүү аянттар: Флоренциядагы Синьория (XIII‒XVI кылымдар), Римдеги Капитолий (XVI‒XVII кылымдар), Ленинграддагы Дворец (XVIII‒XIX кылымдар), Москвадагы Кызыл, Манеж, Свердлов аянттары (XV‒XX кылымдар), Бишкектеги Ала-Тоо аянты.