АФОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:15, 21 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АФОНИЯ (ажана грекче phone ‒ добуш, үн) ‒ үндүн бүтүшү жана чыкпай калышы. Ар кандай оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Ал тамак ооруларында (шишик, жырык жана башкалар) алкым бүктөөлөрү толук бирикпей, жакшы кыймылдабагандан болот. Ага ар кандай урунууда (травма), калкан безине операция жасаганда, өпкө, калкан бези, көкүрөк органдары, кекиртектин, кызыл өӊгөчтүн шишик ооруларында, өнөкөт ларингитте, ошондой эле төмөнкү тамак нервинин шал болушунда, толто кеӊейип (аневризма) төмөнкү алкым нервин кысып калганда, нервдин уулануусунан же грипп жана вирус инфекциясынын кабылдоосунан пайда болот. Кээде психикалык травма да түрткү берет. Дарылоо ооруну пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.