АРПА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРПА КӨРҮСТӨНҮ– биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосуна таандык археологиялык эстелик. 1944-жылы Ат-Башы районунун Арпа суусунун оң өйүзүндөгү Жалгыз үй деген жерде 2 көрүстөн табылып, А. Н. Бернштам тарабынан изилденген. Көрүстөндүн диаметри 12–18 м, бийикт. 0,40–0,60 м 1-көрүстөндүн көлөмү төрт чарчы, капталындагы жалпак таштары кырынан орнотулган. 1- көрүстөндөн чопо идиш, 2-көрүстөндөн чоподон жасалган 3 идиш (экөөнүн бетинде оймосу болгон), идиштерден тышкары, өрттөп көмүлгөн адамдын сөөк калдыктарын табышкан. 1945-жылы дагы төрт көрүстөн казылып, алардан өрттөлгөн адамдын сөөк калдыктары, көрүстөндүн биринин ич жагындагы коргончосунан күлдүн калдыктары, өрттөлгөн адамдын сөөгү, жылдызча түрүндөгү 36 шуру, оюусу жок 2 чопо идиш, 2 коло билерик жана шурулар табылган. Изилденген бардык эстеликтер андрон мезгилине таандык деп аныкталган.

К. Табалдиев.