АРКБУТАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:04, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРКБУТАН (французча arc-boutant – таканчык арка) – таштан жасалып, своддун конструкциясын жөлөп турган жарым арка формасындагы конструкция.

АРКБУТАН 4.png


Булар көбүнчө готикалык храмдардын түзүлүшүндө колдонулуп, своддун оордугунан түшкөн басымды контрфорсторго өзү аркылуу өткөрөт. Орто кылымдагы архитекторлор аркбутан менен контрфорсторду бирдиктүү колдонуу аркылуу имараттын ички көлөмүн кеңейтүүгө, анын аянтын чоңойтууга жанa ички түркүктөргө түшкөн басымды азайтууга жетишкен.