АРКАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРКАК– кездеме токууда эриш жибине туурасынан айкалыштырылган жип. Кездеме токуучу тесте (станокто) аркак жиби иреттүү эки топко бөлүнгөн эриш жиптеринин ортосуна оң-солго өткөрүлөт. Эриш жипке караганда аркак жиби бышык болбосо деле жарай бергендиктен сапаты начар буладан жасалып, ийиргенде да аз чыйратылат.