АНТРЕПРЕНЁР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:58, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТРЕПРЕНЁР (французча entrepreneur – ишкер) - жеке менчик оюн-зоок мекемесинин (театр, цирк жана башкалар) ээси. Антрепренер профессионал өнөрчүлөр топтору жаралганда кошо пайда болгон (XVI кылым). Коммерциялык пайдага кызыккан антрепренердон башка театр менен чыгармачылык байланышы бар антрепренер да болгон. Андай антрепренердун милдетин көбүнчө башкы актёр, драматург же режиссёр аткарган. Азыр көп өлкөлөрдө мамлекеттик театр менен катар антреприза деп аталган менчик театрлар да пайда болууда.