АНТАБЛЕМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:29, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНТАБЛЕМЕНТ(французча entablement) – горизонталдык төрт кырдуу устундар системасынын архитектуралык образын түзгөн ордердин жогорку бөлүгү. Классикалык архитектуранын ордериндеги айрым бөлүктөр: архитрав, фриз жана карниз антаблементти түзөт. Бул бөлүктөрдүн бийиктик катыштары ар кайсы доорлордун ордерлери менен курулуштарында ар башка болгон. Көп учурда фриз бийиктиги боюнча архитравга барабар же андан бир аз бийик болот. Ал эми карниз фризге барабар же бир аз чоң болот. Антаблементтин бийиктиги жалпысынан колоннанын бийиктигине болжол менен 1х4дей тиешелүү.