АНАУ МАДАНИЯТЫ –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АНАУ МАДАНИЯТЫэнеолит жана коло дооруна (биздин заманга чейинки 5–3-миң жылдык) таандык археологиялык маданият. Ашхабадга (Түркмөнстан) жакын жердеги Анау кыштагынын атынан аталган. Ал маданиятка таандык дөбөчөлөрдү алгач А. В. Комаров 1886-жылы, кийин америкалык геолог Р. Пампелли 1904-жылы, немец археологу Г. Шмидт жана башкалар изилдешкен. Изилденген бир нече дөбөдөн чийки кыштан салынган курулуштардын дубалдарында жазуулардын калдыктары, жез буюмдар, карапа идиштер, аялдардын жана айбандардын айкелдери, адамдын сүрөтү, арстан, грифон (канаттуу жырткыч куш) тартылган үч бурчтуу мөөр, кооздук буюмдар жана башкалар табылган. Бул археологиялык табылгалар Орто Азия элдеринин айрым урууларында дыйканчылыктын эрте пайда болгондугун далилдейт. Археологдор тарабынан Намазга-Дөбө, Геоксюр, Кара-Дөбөдө жүргүзүлгөн казуулар Анау маданиятын түзүүчүлөрдүн тарыхын үйрөнүүгө кошумча маалыматтарды берүүдө. Бүгүнкү күндө Анау маданиятынын 30га жакын эстелиги белгилүү.