АМАНАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:31, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМАНАТ – 1) зарыл учурда (алыс сапарга, соодага, жоокерчиликке, абакка, мал оторлотууга жана башкаларга кеткенде) байлыгын, буюмун, куралын, малын, үй-жайын, атүгүл үй-бүлөсүн ишенчиликтүү бирөөгө убактысынча таштап кетүү; 2) кыргыздардын өкүлү же элчиси катары башка элдердин арасында убактылуу жашаган киши. Аманатка таасирлүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, туушкандарынан дайындашкан. Аманат жасалгалуу ак үйдө жашоочу. Ошондуктан аны «ак үй» же «ак үйлүү» деп да аташкан. Аманат 1XIX кылымдын аягында жоюлган, к. «Ак үйлүү».