АБУЛХАЙР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБУЛКАЙЫР, АБУЛХАЙР [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412–1468)] — көчмөн Өзбек хандыгын негиздеген хан (1428–1468). Жуучунун (1182/84–1225/27) уулу, Шибан улусунун ханы (1243–1266) Шибандын (Шайбан, Сибан, Сибани) 9-муундагы урпагы Дөөлөт Шайыктын уулу. Кийинки учурда айрым тарыхчы-окумуштуулар (мис., Т. Султанов) Бухара ханы (1500–1510) Мухаммед Шейбани-хан (Шахибек, Шах-Бахт Мухаммед) тарабынан түптөлгөн Шейбаниддердин мамлекетинин (1500–1598) аталышы Мухаммед Шейбани эмес, Чыңгыз хандын (1206–1227) ошол небереси Шибандын атынан аталып калганын эскертишет. XIV к. Жуучу улусу Көк-Ордо (Алтын-Ордо) жана Ак-Ордо атанган эки улуска бөлүнүп кеткен. Алтын-Ордону Батый-хан менен Токо Темирдин, ал эми Ак-Ордону Ордо-Эжен (Орду-Ичен) менен Шибандын тукуму бийлеп, иш жүзүндө булар Алтын-Ордого көз каранды болушкан. Тарыхчы Абу-л-Гази-хандын маалыматына («Түрк элдеринин санжырасы») караганда Шибан (Шайбан) кышында Арал деңизинен Чүй жана Сары-Сууларынын төмөнкү агымында кыштап, жайкысын Жайык (азыркы Урал), Тобол сууларынын айланасын жайлаган. Алтын-Ордонун ханы (1313–1341) Өзбек-хандын (ал 1321-ж. ислам динин кабыл алгандан кийин «Султан Гийас ад-Дин Мухаммед» деген ысымга ээ болгон) уулу Жаныбектин көзү өткөндө (1357) так талашуулар ого бетер ырбап, тынымсыз ич ара согуштардан улам бул хандык ыдырай баштаган. Мисалы, 1400–1417-жылдардын ичинде Алтын-Ордодо Шадыбек, Пулад-хан, Тимур-хан, Джалал ад- Дин-султан ж. б. сыяктуу 8 хан алмашкан. Ак-Ордо болсо XIV к. 80-жылдарынан тарта Алтын-Ордого анча баш ийбей, өз алдынча Өзбек (хандын) улусу (вилайат-и Өзбек) деп атала баштаган. 1428–29-ж. Тура аймагындагы (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда 17 жаштагы Абулкайыр хан жарыяланган. Ушуну менен Дашт-и Кыпчактын түндүк, түндүк-чыгышын камтыган көчмөндөрдүн жаңы хандыгы – Өзбек хандыгы пайда болгон. Улустун аталышы Өзбек хандын атынан «Өзбек хандыгы» деп аталып калганы менен анын негизги курамын моңгол (кыят, найман, ойрот), тибет (таңгут), көптөгөн түрк (кушчу, коңурат, уйсун, карлук, кенегес, маңгыт, уйгур, мажар, кыпчак ж.б.) уруулары түзгөн. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген бул моңгол-түрк уруулары илимий чөйрөдө өзбек жана казак элдеринин кийинки этникалык калыптанышына өбөлгө болгон деп саналат. XV к. 40-жылдарынан Абулкайыр мурдагы Ордо-Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлорун мекендеген урууларды баш ийдирип, ээлигин кеңейткен. Дашт-и Кыпчак толук каратылгандан кийин түштүк аймактарга жортуул жасап, 1430-ж. кыска мөөнөткө Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-ж. Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Анын айланасындагы жерлерди эмир, султандарга бөлүштүрүп, үстүнөн өзү башкарган. Ушундан кийин Өзбек хандыгы Моголстан менен түздөн-түз чектешип калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Сыр-Дарыянын төмөнкү бою хандыкка карагандан кийин кошуна жайгашкан ууру башчылары Абулкайыр менен эсептешип, жакын мамиле түзүүгө аргасыз  кылган. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактын 5–8 км түштүк-чыгышы) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайша менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Натыйжада аны менен Алтын-Ордонун акыркы ханы (1423–1426, 1427–1428) Барактын уулдары, Сыр-Дарыянын бойлорун жана Кара-Тоону жердеп жүргөн бир туугандар Жаныбек (1428–1480) жана Керейдин (1424–1474) ортолорунда араздашуу башталган. Алар көп өтпөй Моголстанга караштуу жерлерге көчүп кетишкен. Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча 1468-ж. Абулкайыр хан Моголстанды каратып, ал экөөнү кармап, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында кыргыздарды аралап, Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына чейин жеткен. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде каза болуп, анын аскер күчтөрү артка кайткан. Абулкайырдын жортуулуна байланышкан бул окуялар XV к. орто чендеринде кыргыздар Чыгыш Тянь-Шанды кошо мекендеп, Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашканын, ал жерлер кез-кез калмактардын колуна өтүп турганын ырастайт.

Ад.: Семенов А.А. К вопросу о происхождении и составе узбеков Шейбани-хана //Труды Академии наук Таджикской ССР. T.XII. Таш., 1953; Бартольд В. В. Абулхайр, Соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Материалы по истории казахских ханств XV-XVIII веков (Извлечения из персидских и тюркских сочинений). А.-А., 1969. Султанов Т. И. Чингиз-хан и Чингизиды. Судьба и власть. М., 2006.

Т. Асанов