АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:11, 18 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛМАЛУУ КӨРҮСТӨНҮ‒ Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен суусунун сол жээгиндеги I‒V кылымдарга таандык эстелик. 1966‒1967-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын археологиялык экспедициясы изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 85 казанактан (бардыгы 136 дөбө) бирден үчкө чейин адам сөөктөрү чыккан. Кээ бирлери табытка салынып, бетине алтындалган жука беткеп кийгизилген. Табылгалардын арасында дан сактоочу зор кумара, жыгач табактар, кылыч, соот, жебе, чынжыр, коӊгуроо, тогоо, мончок, күзгү, асылташ чөгөрүлгөн алтын сөйкө, шакектер бар. Көрүстөндү негизинен Ы. Кожомбердиев изилдеген.