АКИНАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:04, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКИНАК (грекче akinakes – кыска) – темирден жа­салган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Биздин заманга чейин 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс жана сак жоокерлери кол­донгон.

АКИНАК41.png

Анын узундугу 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу жана ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Са­бынын учу жүрөк, жарым ай жана жаныбарлар­дын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр менен кооздолгон. Кеч сак жана усун доорунда темирден жасала баш­таган. Кыргызстанда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн акинактар табылган.

                                                                                                                                                               О. А. Солтобаев.