АКАДЕМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЗМ (французча akademisme) – 1) көркөм сүрөт искусствосунда – өнүгүү базасы көркөм сүрөт академиялары болгон көркөм багыт. Алгачкы академизм маньеризмге каршы туруу менен антикалык жана Кайра жаралуу искусствосунун үлгүлөрүн бе­кемдеген. Көп жылдар бою негизги эстетикалык идеялы Рафаэль менен Микеланжелонун чыгармачылыгы болгон. Кийин академизм салтты сактоого жана бул негизде профессионал мектепти түзүүгө бай­ланышкан көркөм маданияттын маанилүү бөлүгү катары каралган. Академизм булактары – 1585‑жылы чен­де ага‑ини Карраччилер негиздеген Болонья ака­демиясынын ишмердигинде. Живопись жана айкелдин Королдук академиясынын ачы­лышы (1648) классицизмдин өнүгүүсүнө байла­нышкан. XVII‑XVIII кылымдарда тарыхый жана мифтик не­гизги болуп эсептелген жанрлар иерархиясы калыптанган. Академизм искусствосунун өнүгүүсүн кечеңде­түүчү шарттуу нормаларды пайда кылат. XIX кылым­дын 1-жарымында ага романтизм, кийин реа­лизм каршы болгон; 2) балет тарыхында «академизм» жана «академиялык бий» терминдери XIX кылымдын жарымында Францияда, Италияда жана Рос­сияда хореографиялык искусствого колдонулат. Франциялык хореографтар Ж. Мазилье жана А. Сен‑Леондун балеттеринде академизм ири бий формаларынын (гран­па, пад’аксьон, па‑де‑де) жана алардын элемент­теринин (вариациялар, адажио, кода) турукта­шуусу жана алардын ар биринин бир убакта өркүндөшү, жеке бий ансамблге караганда үстөмдүк кылуусу менен мүнөздөлөт. Академизм жетиш­кендиктеринин туу чокусу музыка, бий, спек­таклдин биригиши болду. Классикалык бийдин дүйнөлүк жана орус мектебинин үлгүсүндө кыр­гыз балети да өнүгүп‑өсүүдө.