АЖЫРАШ АЯК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:54, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЖЫРАШ АЯК – кыргыздардагы конуш кото­руп, бир жакка көчөрдө коңшуларын чакырып, колунда болгон тамак‑ашын берип, коштошуп кетүү салты. Ажыраш аяк берип жаткан киши алар менен кошуна турган мезгилде өйдө‑төмөн болгондор­ду кечирүүнү, жаманды ичке сактап, жакшыны сыртка чыгарууну өтүнгөн. Ажыраш аяк берген адамды ко­шуналар жаңы жерге чейин көчүрүшүп, жай­гаштырышып келишкен. Ажыраш аяк бербей көчүү коңшуларын сыйлабагандык, теңсинбегендик, таа­рынгандык, коңшу турууга татыксыз деп эсептегендик, атүгүл касташкандык болуп санал­ган. Бүгүнкү күндө да эл арасында ажыраш аяк берүү салты сакталып калган.