АДАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:42, 17 Июль (Теке) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДАТ (каада-салт, үрп‑адат) – тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө узак мезгил ичинде калып­танган, калктын көпчүлүгү үчүн өнөкөткө ай­ланып, муундан‑муунга өтүп келаткан, коом­дук пикир менен корголгон улуттук, элдик, этни­калык алакалар эрежелери. Ал мамлекет тарабынан көзөмөлдөнбөйт, коомдук пикирдин күчү менен аткарылат жана сакталат. «Постиндустрия­лык» заман талабына жараша жаңы адаттар ка­лыптанууда.