ИРАВАДИ
Jump to navigation
Jump to search
ИРАВА́ДИ , И р р а в а д и – Мьянмадагы суусу мол дарыя (башаты Кытайда). Уз. 2150 км, алабынын аянты 430 миң км2. Гималай тоолорунун чыгыш тармактарынан башталып, түштүктө Шань тайпак тоосун кесип өтүп, Иравади түздүгү аркылуу агат. Андаман деңизине куярда дельтаны (аянты 30 миң км2дей) пайда кылат. Негизги куймасы – Чиндуин (оң). Орт. чыгымы 13–14 миң м3/сек, режими муссондук, жайында кирет (айрым жерлерде суунун деңгээли 8– 11 мге чейин көтөрүлөт). Алаамат суу каптоо болуп турат. Төмөнкү агымында деңиз ташкынынын таасиринен толкундун бийикт. 4–4,5 мге жетет. Чатынан 1100 км аралыкка кеме жүрөт. Сугатка пайдаланылат; жогорку агымында сал агызылат. Боюнда Мандалай ш., дельтасында Янгон (мурдагы Рангун) деңиз порту жайгашкан.