ИПР
ИПР – Бельгиянын түн.-батышындагы шаар. Калкы 34,8 миң (2008). Алгач 1066-ж. эскерилет. Фламанддык графтарга таандык болгон. 1116-ж. шаар укугун алган. 1165–77-ж. Фландриянын башка шаарлары м-н бирге графтыктагы чиновниктердин укуктарын ж-а милдеттерин жөнгө салуу статусуна ээ болгон. 12-к-дан жыл сайын ярмаркалар (негизинен жүндөн токулган нооту) өткөрүлүп турган. 13-к-да ар кайсы соода уюмдарына (а. и. немис шаарларынын саясий ж-а соода союзу – Ганзага) мүчө болгон. И-дын аймагында 1-дүйнөлүк согушта бир нече ири салгылаштар болуп, Германия тарыхта алгачкылардан хим. курал колдонгон. 1914–18- ж-а 1940–44-ж. шаардын чеп м-н курчалган борб. бөлүгү көптөгөн кыйроолорго учураган. Шаардын Гроте-маркт башкы аянтындагы фасадд готика стилиндеги нооту катарлары (уз. 132 м) Белфорт вече мунарасы м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ыйык
Мартин собору (1221–15-к.; бийикт. 102 м), Ыйык Иаков (13–15-к.), англикан стилиндеги Ыйык Георгий (1927–29) чиркөөлөрү, Гент ак сарайы (16-к.) сакталган.