ИПОТЕКА БАНКЫ
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
ИПОТЕ́КА БАНКЫ – кыймылсыз мүлктү: жерди‚ имараттарды‚ курулмаларды ж. б. күрөөгө коюу м-н узак мөөнөттүү кредит берүүгө адистешкен мекеме. Cсудалар турак жай ж-а өндүрүштүк курулуштарга жогорку процент м-н (10–12%) берилет. И. б. пассивдүү операцияларды да ишке ашырат‚ тактап айтканда, ипотекалык облигацияларды чыгарат.