ИПОСТАСЬ
Jump to navigation
Jump to search
ИПОСТА́СЬ (гр. hypjstasis – негиз, маңыз) – байыркы грек философиясынын субстанция, маңыз маанисин билдирген термини. Б. з. ч. 1-к-да Посидоний киргизген. Христианчылыкта «И.» түшүнүгү патристиканын башталышынан тартып Кудай Ата, Кудай Уул ж-а Ыйык Рух сыяктуу кудайдын үчилтиктүү маңызынын биримдигин белгилөө ж-а чечмелөө үчүн колдонулат.