ИОРДАНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИОРДА́НИЯ , И о р д а н Х а ш и м и т К о­р о л д у г у (Аль-Мамляка аль-Урдуния аль- Хашимия) – Батыш Азиядагы мамлекет. Түндү­гүнөн Сирия, чыгышынан ж-а түн.-чыгышынан Ирак, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгышынан Сауд Арабиясы, батышынан ж-а түн.-батышынан Израиль м-н чектешип, түш.-батышынан Кы­зыл деңиздин Акаба булуңу м-н чулганат. Аян­ты 96,2 миң км2 (Иордан д-нын батыш тара­бындагы 6,6 миң км2 жерди 1967-жылдан Из­раиль басып алган). Калкы 5,9 млн, а. и. 0,85 млну Израиль оккупациялаган аймакта жа­шайт (2008). Борбору – Амман ш. Расмий ти­ли – араб тили. Акча бирдиги – И. динары. Адм.-айм. жактан 12 мухафазага (губернатор­лукка) бөлүнөт.

Файл:ИОРДАНИЯ56.png
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008).[Ред. Таблица чий]

И. – БУУнун (1955), ЭВФтин (1952), Эл ара­лык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1952), Араб өлкөлөрү лигасынын (1945), Ислам конф-ясы уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2000) ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. И – унитардык өлкө.
Конституциясы 1952-ж. кабыл алынган. Баш­каруу формасы – дуалисттик монархия. Мам­лекеттин, аткаруу ж-а мыйзам чыгаруу бийли­гинин башчысы король. Мамлекеттин аталы­шы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухам­мед пайгамбардын уруусунан чыгышына бай­ланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги ко­ролго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) ж-а Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дай­ындалат) турган эки палаталуу парламентке – Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король м-н өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайын­далат, ал эми премьер-министр өкмөттүн кура­мын – министрлерди (королдун макулдугу ж-а Парламенттин колдоосу м-н) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. И-да жарандык, диний ж-а ата­йын соттор бар.
Саясий партиялары: И. араб улуттук демокр. уюму, И. Эл биримдиги демокр. партиясы, Ис­лам кыймылы фронту, Араб соц. кайра жара­луу партиясы, И. профсоюздарынын конфеде­рациясы.



Табияты

. И-нын басымдуу бөлүгүн денудация­лык түздүктөр ж-а супа сымал түзүлүштөгү плато ээлейт. Рельефи базальттуу платолор (Харрат­эр-Ружайла), жапыз калдык тоолор ж-а шор­тоң ойдуңдар м-н татаалдашкан. Жеринин бети таштак келип, кургак сайлар (вади) м-н өтө тилмеленген. Батыш бөлүгүндө түндүктөн түштүктү карай жайпак чокулуу Эш-Шара тоо-

Файл:ИОРДАНИЯ55.png
Жансыз деңиздеги пляж.

лору (бийикт. 1757 м, Рам чокусу, өлкөнүн эң бийик жери) созулуп жатат. Батышында тек­тон. Гхор (Эль-Гор) өрөөнүндө туюк Жансыз де­ңиз (көлдүн деңгээли деңиз деңг. 418 м төмөн) жайгашып, ага Иордан д. куят. Өрөөндүн эки тарабынан Сирия-Палестина тоолору орун ал­ган. Климаты субтропиктик, жайы ысык (июл­да 24–30°С), кышы жылуу (январда 8–14°С). Жылдык жаан-чачыны батышында 500–700 мм, чыгышында 100 ммге чейин. Туруктуу аккан

Файл:ИОРДАНИЯ54.png
Сирия чөлү.

Азрак оазиси. дарыялары аз, вади, сайлар арбын кездешет. Жарым чөл ж-а чөл өсүмдүктөрү басымдуу, оазистер сейрек кездешет (анда негизинен кур­ма пальмасы өсөт). И-нын аймагынын 1%те­йин токой ээлейт. И-да жалпы аянты 913,3 миң га болгон корукка алынган 11 аймак, а. и. Вади- Рам, Петра улуттук парктары, Дана биосфера­лык резерваты ж. б. бар. Акаба булуңундагы коралл (шуру) рифинин экосистемасын коргоо максатында деңиз резерваты уюштурулган.

Калкы

. Калкынын 95%тейи арабдар (иорда­ниялыктар, палестиналыктар, ирактар, сирия­лыктар, сауд арабдары ж. б.); калгандары «чер­кестер», друздар, армяндар, цыгандар, азербай­жандар, күрддөр, англистер ж. б. Төрөлүү (1000 адамга 20,7 бала туура келет) өлүм-житимге караганда (2,7 бала) алда канча жогору. И-нын калкы 1960-жылдан кийин 3 эседен ашык өскөн, анын негизги себептери – калктын таби­гый өсүүсү (3,7%) ж-а миграциялык агым (не­гизинен Ирактан). 15 жашка чейинки балдар калктын 33%ин, эмгекке жарамдуу курактагы­лар (15–64) 63%ин, 65 жаштан өткөндөр 4%ин

түзөт. Калкынын 92% мусулмандар, 6%ке жа­кыны христиандар. Ислам мамл. дин болуп са­налат. Калкынын орт. жыштыгы – 1 км2 жерге 66,2 адам. Шаар калкы 79%. Ири шаарлары: Амман (калкы 1,2 млн; 2008), Эз-Зарка (447,9 миң), Иерусалим (чыгыш бөлүгү), Ирбид (292,0 миң, агломерациясы м-н 774,2), Эр-Русайфа (291,7 миң), Вали-эс-Сир (151,9 миң).

Тарыхы

. Өлкө аймагын байыркы заманда се­мит уруулары мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жыл­дыкта анын аймагынын бир бөлүгү Израиль ж-а Иудей падышалыктарына караган. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан б. з. 2-к-на чейин аймакта байыркы арабдардын мамлекети – На­батей падышалыгы болгон. И. аймагына 2–4- к-да Рим, 4-к-да Византия, 7-к-да арабдар, 11– 15-к-да кресттүүлөр, селжуктар, египеттик мам­люктар басып кирген. Араб халифатына кирген соң, И-нын калкы ислам динин ж-а араб тилин кабыл алган. 16-к-дын башынан 1918-ж. чейин Осмон империясына карап, биринчи дүйнөлүк согуштан (1914–18) кийин Улуу Британия ман­датындагы Палестинага кошулган. Колониячы­лар 1921-ж. И-нын бир бөлүгүндө (Иордан д-нын чыгышы) өзүнчө Трансиордания эмирлигин түзгөн, бирок иш жүзүндө аны Палестинаны

Файл:ИОРДАНИЯ52.png
Эль-Карак – кресттүүлөрдүн сепили.

сурап турган англ. колониячылар бийлеген. 1928-ж. Трансиорданияга Улуу Британия өз мү­дөөсүн көздөгөн келишимди таңуулаган. Ушул эле жылы Хашимиттер бийлиги конституция м-н бекемделген. Ушулардан улам нааразычы­лык күчөп, өлкөдө боштондук үчүн кыймыл жайылган. 1946-ж. 25-майдан Англия–Иордания кели­шиминин (22.3.1946) негизинде И. Хашимит Королдугу деп аталып, эмир Абдаллах король болуп жарыяланган. 1948–49-ж-дагы араб-из­раиль согушунан улам Палестинанын борб. ра­йондору (Иордан д-нын батыш, Иерусалим­дин чыгыш бөлүктөрү ж. б.) И-га кошулган. Король Абдаллах өлтүрүлгөндөн кийин 1951-ж.

Файл:ИОРДАНИЯ51.png
Араб легионунун кавалериясы марш учурунда.

1946.


Абдаллахтын уулу Талал такка отурган, бирок ден соолугуна байланыштуу бийликти 1953-ж. уулу Талалга өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. 1954-ж. патриотчул Улуттук фронт түзүлгөн ж-а ал 1956-ж. парламентке шайлоодо жеңип чыгып, өкмөттүн башына Улуттук соц. партия­нын лидери С. Набулси келген. Улуу Британия 1957-ж. февралда Англия-Иордания келишимин жоюп, И-дан аскерлерин чыгарып кетүүгө арга­сыз болгон. 1957-ж. апрелде король мамл. төң­көрүш жасоого аракеттенген С. набулсинин Өк­мөтүн кетирген. 1967-ж. кайрадан тутанган Из­раиль м-н болгон согуштан соң, 1948–49-ж-дагы кошулган жерлерин жоготкон. 1971-ж. И. аскер­лери өлкөнүн аймагындагы палестиналыктар­дын согуштук базаларын жок кылган. 1988-ж. И. Иордан д-нын батыш бөлүгү м-н болгон рас­мий байланышын үзгөн. 1994-ж. И. ж-а Изра­иль тынчтык келишимин түзүп, келишимдин шарты б-ча Израиль 1967-ж. басып алган ай­мактарын кайтарып берген. Король Хусейин бек Талалдын (1953–99-ж. башкарган) экономика-

Филадельфиядагы (азыр Амман) Геркулес храмынын урандылары. 2-к. ны көтөрүү, коомдук-саясий турмушту либерал­даштыруу ж-а Ж. Чыгыштагы абалда турук­таштыруу курсун уулу король Абдалла II бен аль-Хусейин улантууда.

Экономикасы

. И. – табигый ресурстарга жар­ды; экономикасы көбүнчө сырткы соодага ж-а башка өлкөлөрдүн каржылоосуна байланыштуу; о. эле эмгек мигранттарынан түшкөн (жылына 1 млрдга жакын) акчанын да мааниси зор.
ИДПнин көлөмү 30,03 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 5100 доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 85,8, ө. ж-ныкы 10,3, а. ч-ныкы 3,9 (2006). 1967-жыл­кы Израилдин агрессиялык саясатынан улам И-нын чарбасы чоң зыян тарткан. Нефть (2005-ж. 8 миң баррель; Хамза кени), газ (294 млн м3, Эль-Ариша аймагында) казылып алы­нат. Нефть ылгоочу жалгыз з-ду Эз-Зарка ш-нда жайгашкан. Чакан нефть-хим. ишкана­лары пластмасса, сыр, идиш-аяк жуучу кара­жаттарды чыгарат. 2006-ж. 9,2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн (негизинен газды пайдаланган ЖЭСтен). Эль-Ярмук д-нда ГЭС курулууда (2008). Металлургия ишканалары (11 з-д иштейт) болот чыгарат. Негизги химия продукциялары (поташ, к-та, минералдык жер семирткичтер ж. б.) негизинен жерг. ресурстар­дын базасында өндүрүлөт. Фосфорит (6,4 млн), Жансыз деңизден минералдуу туз, курулуш ма­териалдардан акиташ теги, чопо, мрамор ж. б. казылып алынат; цемент чыгаруу ө. ж. өнүккөн. Фосфор ж-а калий жер семирткичтери, фосфор к­тасы, бром, күкүрт к-тасы, түрдүү химикаттар, кай­натма туз өндүрүлөт. Фармацевтика ө. ж. өнүк­көн. Жансыз деңиздин тузунун ж-а баткагынын негизинде косметикалык продукция даярдалат. Жеңил (кездеме, кийим ж. б.), тамак-аш (сүт про­дуктулары, зайтун майы, ун ж. б.) ө. ж. да өнүккөн.
Кургакчыл климат а. ч-нын өнүгүүсүнө тос­коолдук кылат; өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө дыйканчылык сугатка муктаж. 21-к-дын баш­талышынан агрардык өндүрүштө иштөөгө миг­ранттар (негизинен Египеттен) көп тартыла баш­таган. Аймагынын 6–7%ке жакыны айдалат (анын 1/ и сугарылат). Негизги дыйканчылык аймагы – Иордан д-нын өрөөнү; ал жерде же­миш бактары, цитрус өсүмдүктөрү, банан, жү­зүм, томат, бадыраң, баклажан, буудай, арпа, о. эле жүгөрү, ак жүгөрү, картөшкө, пияз, ка­пуста, жасмык ж. б. өстүрүлөт. Ирригациялык максатта Иордан д-на канал, Эз-Зарка, Эль-Каф­райн, Шуайб ж. б. дарыяларда суу сактагычтар

Файл:ИОРДАНИЯ49.png
Эчки жайыты.

курулган. Бодо мал, төө, кой ж-а эчки асыра­лат. Акаба булуңунан балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – өлкөнүн экономикасынын ири сектору. 20дан ашык банк (а. и. Борб. банк, Араб коммерциялык банкы ж. б.) ж-а Амман­да фонд биржасы иштейт. Жылына 5 млндон ашык чет элдик турист келет. Дарылоо – ден соолукту чыңдоо туризминин негизги аймагы – Акаба булуңу м-н Жансыз деңиздин пляжда­ры, о. эле деңизге жакын жайгашкан ысык бу­лактар. И-да авиация экипажын окутуунун жаңы системасы түзүлүп, ал араб ж-а африка авиакомпанияларына кызмат көрсөтөт.
Т. ж-нун уз. 505 км; негизги магистралы өлкөнү түндүктөн түштүккө кесип өтөт. Автомо-

Иордания акчасы.


биль жолунун жалпы уз. 7,5 миң км; негизги автомагистралдары: «Чөл шоссеси» (Эр-Рамта – Амман – Маан – Акаба; уз. 320 кмден ашык); Эль-Мафрак–Ирактын чек арасына чейин. Не­гизги туристтик трассасы: Амман–Иерусалим. Деңиз порту – Акаба (Кызыл деңиздин Акаба булуңунда). Эль-Жизе (Аммандан 40 км түш. тарапта), Акаба ш-ларында эл аралык ири аэро­порттору бар. Магистралдык куур транспорту­нун жалпы уз. 475 км (2006), а. и. газ куурунуку 426 км (эң ириси Египеттен Акабага, андан ары өлкөнүн түндүгүнө кетет), нефть куурунуку 49 км. Сыртка поташ, фосфорит, минералдык жер се­мирткич, фармацевтика продукцияларын, тек­стиль ж-а тигилүү буюмдарды, жемиш ж. б. чы­гарып, сырттан нефть, газ, машина ж-а жабдуу­ларды, азык-түлүк, кездеме ж-а ийрилген жип ж. б. алат. Соода шериктери: Сауд Арабиясы, Ирак, Сирия, Бириккен Араб Эмирликтери ж. б. араб өлкөлөрү, АКШ, Германия, Индия, Кытай. Маданияты. Билим берүү системасы мектеп­ке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жыл­дык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-тех. билим берүүнү камтыйт. 2004-ж. балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6–12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12–18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мек­тептерде англис тили да окутулат.
Өлкөдө 15тен ашык мамл. ири ун-т, 10дон ашык менчик ун-т бар. 35 миңге жакын сту­дент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ ж. б. араб өлкөлөрүндө билим алууда.
Амманда Калк китепканасы (1958), ун-ттер­дин китепканалары бар. Музейлери: археол., ис­лам, элдик иск-во ж-а кийим; Улуттук көркөм өнөр ж-а Мозаика галереялары (баары Амманда). И-да 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дус­тур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); Радио уктуруу 20-к-дын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. И. телекөрсөтүүлөрү эки канал б-ча, биринде – араб тилинде, экинчиси – чет элдик телекөр­сөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис ж-а иврит тилдеринде чыгарылат.
Ад-ты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иор­дан ад-тынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси И-нын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы м-н байланыштуу.
Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат.
Кабатай аска сүрөттөрү, эллин мад-тынын эсте­ликтери сакталган. Рим мезгилинде арх-ра м-н иск-во гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын ку­рамында И. о. кылымдагы араб-мусулман көркөм мад-тынын очогу болгон. Жаңы мезгил­дин арх-расына заманбап курулуштар мүнөздүү.
Жалпы арабдык ж-а улуттук салттардын жал­пы европ. ад-ттын ар кыл формалары м-н ай­калышуусу И. ад-тын негизги мүнөзүн анык­тайт.
Элдик музыка м-н катар классикалык музы­касы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симф. оркестр иштейт. 1950-жылдарда тары­хый ж-а диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-ж. Амманда биринчи театр труппасы, 1951-ж. Театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Муз. ж-а театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-ж. жаштарга ки­нематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багыттал­ган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшул­ган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен А. Хасан ж-а Н. Хасан­дын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман ш-нда кинофестиваль өткөрүлөт.


Ад.: Гаврилин В. Г., Корешков В. В. Иордания: пути развития. М., 1985; Конков В. М. и др. Иордания // Новейшая история арабских стран Азии. 1917–1985. М., 1988; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты за­рубежной Азии. М., 2000; Аганин А. Р., Соловьева З. А. Современная Иордания. М., 2003; Деловая Иордания ... в 2002–2003. М., 2003–2004. Т. 1–2; Иордания // Большая Российская энциклопедия. Т. 11. М., 2008.

Б. Мудаева, Ш. Керимова.