ИОНОСФЕРА
Jump to navigation
Jump to search
ИОНОСФЕ́РА (иондор ж-а sphaira – шар) – Жер атм-сынын 75 кмден 1000 кмге чейинки иондошкон калың катмары. И-нын бар экендиги ж-дөгү ойду англ. физик Б. Стюарт 1882-ж. алгачкылардан болуп сунуштаган. И-да Күндүн ультракызгылткөк ж-а корпускулалык нурлары, о. эле космос нурлары газ молекулаларын кескин ажыратып, иондорду ж-а электрондорду пайда кылат. Алар Күн нурун өзүнө сиңирип алгандыктан, бийиктеген сайын И-да темпра жогорулап, 800–1000°Сге жетет. И-нын өткө- рүмдүүлүгү жогору болгондуктан, радиотолкундарды бүткүл диапазондо, кыскасынан узунуна чейин чагылтат ж-а алыскы байланышты түзүүнү камсыз кылат.