ИОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ
12:47, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
И́ОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ – б. з. ч. 6–4-к-да Кичи Азиянын батышындагы Иония аймагынан чыккан философтор: Фалес, Анаксимандр, Анаксимен Милетский, Гераклит Эфестик, Диоген Аполлониялык. Негизги идеяларынын бири – чыныгы дүйнөнүн бирдиктүү маңызы, бардык нерселердин кандайдыр бир алгачкы башталмадан (суу, аба, от) пайда болушу ж-дөгү ой. Булардын философиясына гилозоизм мүнөздүү.