ИОНДУК ПРИБОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИОНДУК ПРИБОРЛОР – таасири газдагы же металл буусундагы электр разряддарына негиз­делген газ разряддуу куралдар. Бул приборлор­го инерттүү газдар (He, Ne, Ar, Kr, Хе), сымап буусу же суутек толтурулат. И. п-дун иштөөсү электроддордун арасында пайда болуучу газ плазмасы аркылуу электр агымынын өтүүсүнө негизделген. И. п-до вакуум приборлорундай эле негизги электр агымын электрондор түзөт. Ион­дордун ролу – негизинен электрондордун кө­лөмдүү заряддарынын терс таасирин жоюуга багытталган. И. п. импульстуу түзүлүштөрдө (тиратрондо), чыңалууну индикациялоо үчүн (сигнал бергич неон лампасы ж. б.), чыңалууну турукташтыруу үчүн (стабиотрон), кубаттуу түзөткүчтөрдө (сымап вентили, игнитрон), раз­ряддоочу ж-а электр чынжырларын коммута­циялоодо (тригатрон ж. б.), электр энергиясын жарыкка айландыруу үчүн (жарыктын газ раз­ряддоочу булактары) ж. у. с. колдонулат.