ИОНДОШУУ
ИОНДОШУУ – атом же молекулалардын бир же бир нече электронун жоготуусунун натыйжасында оң иондордун пайда болушу. Айрым бөлүкчө гана эмес, анын көптөгөн жыйындысы (газ, суюктук ж-а катуу зат) да иондошот. Г а з ж-а с у ю к т у к т а г ы И. электр нейтралдуу бөлүкчөнү иондоо үчүн иондоо энергиясы (W) сарп кылынат. Бөлүкчөдөн (атом, молекула) бир электронду кошуп алып, оң иондорду пайда кылуу – И-нун эң жөнөкөй түрү. Ар бир хим. элементтин, бирикменин атом ж-а молекулаларынын ушундай И. жөндөмдүүлүгү И. потенциалы м-н мүнөздөлөт. Бөлүкчөнүн И-сунун көп жолу бар: согуу, көп ирет, тепкичтүү, темп-ралык ж-а фотондук И. Иондолуучу бөлүкчөгө И. энергиясы W башка бөлүкчөнүн урунуусу м-н берилсе, анда бул с о г у у И-су деп аталат. Эгер иондолуучу бөлүкчө дүүлүккөн абалда өзүн салыштырмалуу узакка кармаса, анда мындай бөлүкчөгө ар бир урунууда Wдан аз энергия берилсе да, бир нече жолу урунгандан кийин иондолсо, т е п к и ч т ү ү И. деп аталат. Жогорку темп-ралуу (103–104 Кден кем эмес) газда кинетикалык энергиясы чоң бөлүкчөлөр урунушканда, алардын кинетикалык энергиясынын эсебинен өз ара И. жүрсө, т е м п - р а л ы к И. болуп эсептелет. Газ ж-а суюктук бөлүкчөсү жарык таасири м-н да иондошот. Лазер нуру энергиясынын аздыгынан көп тепкичтүү И-ну ишке ашырат, б. а. бөлүкчө энергиясы төмөн бир нече фотонду жуткандан кийин ф о т о нд у к И. жүрөт. Газ бөлүкчөсү чыңалышы 109 В/мден кем эмес күчтүү электр талаасында иондошуп, газ плазмага айланат. Газ ж-а суюктуктагы И. процесси м-н бир эле учурда ага каршы процесс болгон, ион м-н электрон кайрадан биригип, нейтралдуу бөлүкчөнү түзөт. Катуу нерседеги И. – электрон валенттик тилкеден өткөрүмдүүлүк тилкесине которулганда катуу нерсенин атомунун заряддалган ионго айлануу процесси. Катуу затта да т е м п - р а л ы к ж-а ф о т о нд у к И. болот. Катуу зат аркылуу заряддалган ж-а нейтралдык бөлүкчөлөр өткөндө да ал иондолот. Тышкы күчтүү электр талаасынын таасири астында бөлүкчө уланма иондолот ж-а катуу зат электрдик тешилет.