ИОНДОШТУРУУЧУ КАМЕРА
ИОНДОШТУРУУЧУ КА́МЕРА – заряддалган бөлүкчөнүн газды иондоштуруу аракетине негизделген детектор. И. к. түрдүү нурлануунун изин түшүрүүдө ж-а изилдөөдө колдонулат. Ал газ толтурулган эки электроддуу (жалпак, сфера же цилиндр түрүндөгү) жылчыксыз идиштен турат. Электроддорго 100–1000 Â рàêòóó чûңàëóó áå- рèëåò. Íóрëàíóó áîëáîñî, ãàçäûí êàршûëûãû жîãîрóëàéò äà чûíжûрäà òîê ïàéäà áîëáîéò. Çàрÿääàëãàí áoëүêчo È. ê. àрêûëóó oòêoíäo ãàç- äûí àòîìäîрóí èîíäîшòóрàò. Ýëåêòр òàëààñû-
нын таасиринен ион ж-а электрон электродго которулат ж-а И. к-нын чынжырынан электр тогу өтөт. Эгерде чыңалуу аз болсо, иондун ж-а электрондун көп бөлүгү аралашат да, чыңалуунун сызыктуу арбышы м-н ток көбөйөт. Кандайдыр бир U1 чыңалууда иондор м-н электрондор электродго өтөт да ток каныгат. Чыңалуунун андан ары көбөйүшү токту көбөйтпөйт. Ал турактуу бойдон калат ж-а нурлануу булагынын ургалдуулугу м-н аныкталат. U1>U2 болсо, токтун чоңдугу газдагы атом ионунун электрон м-н кагылышуусунан өсөт. Ток турактуу токтун күчөткүчтөрү аркылуу күчөтүлөт. Эгерде заряддалган бөлүкчөлөр И. к-га аз түшсө, анда ток үзгүлтүксүз акпастан, айрым кыймыл саны түрүндө агат. И. к. дозиметрияда, ядролук ж-а космос техникасында колдонулат.