ИОНДОР
ИОНДОР (гр. ion – кыймылдуу) – атомдор же атом тобу электрондорун бергенде же кошуп ал ганда пай да бол гон эл ек т р заря дду у бөлүкчөлөр. Бөлүкчөдөн электрондор бөлүнүп чыкканда талап кылынган энергия иондошуу потенциалы деп аталат. Кошуп алганда энергия бөлүнүп чыгат. Оң заряддуу, терс уюлга (катодго) тартылган И. катиондор, терс заряддуу, оң уюлга (анодго) жылгандар аниондор деп аталат. Алар берген же кошуп алган электрондун санына жараша 1, 2 ж-а 3 заряддуу болушат. Ион зарядынын тыгыздыгы же иондук потенциал ион зарядынын иондук радиуска болгон катышы м-н аныкталат. И. бардык агрегаттык абалда (газ, суюктук, кристалл) өз алдынча бөлүкчө түрүндө жолугат. Бирдей хим. курамдагы нейтралдуу бөлүкчөдөн И. зарядынын белгиси, чоңдугу, сырткы электрон катмарынын түзүлүшү м-н айырмаланат. Электрондук конфигурациялары бирдей атом м-н иондордун катары изоэлектрондук катарлар деп аталат. И. атом, молекула, хим. активдүү бөлүкчөлөр ж-а бири-бири м-н реакцияга кирет. Табигый шартта И. космос ж-а күн нурларынын же электр зарядынын (чагылган) таасиринен абада пайда болот. И. тирүү организмдерде заттардын алмашуу процессинде чоң роль ойнойт.