ИОД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИО́Д , й о д (лат. Iodum) – элементтердин мез­гилдик системасынын VII тобундагы хим. эле­мент, галогендерге кирет, катар н. 53, ат. м. 127. Молекуласы 2 атомдон турат. 1-жолу 1811-ж. фр. химик Б. Куртуа ачкан. Аты гр. iodes – кыз­гылт көк (буусунун түсү б-ча) дегенден. Таби­гый И. массалык саны 127 болгон туруктуу бир изотоптон турат. Ал эми жасалма радиоак­талаасы б-ча катод м-н чагылткычтын арасын­да термелүүчү И. б-н түзөт. Чагылткычтагы ион тешик аркылуу же болбосо анод цилиндринде­ги жылчык аркылуу чыгарылат. Цезий м-н кап­талган электродду суутектин оң иондорунун агы­мы м-н аткыланганда алар терс ионго айланып, ургаалдуу агым түзүлүп, беттик-плазмалык И. б. алынат. Тез кыймылдоочу нейтралдык бөлүкчө­лөр инжекторунда (насосунда) магнит талаасы­сыз ондогон А тогу бар ион агымын алууга мүм­күнчүлүк түзүүчү кубаттуу жаа И. б. пайдала­нылат. Иондордун көлөмдүк зарядын нейтрал­даштыруу м-н жогорку жыштыктагы, жүздөгөн тивдүү изотопторунан: 131I (T =8 күн) ж-а 133I килоамперлүү (кА) ион агымын алууга болот. (T1/2=22 с) ж. б. бар. Мүнөздүү окистенүү дара­жалары –1, +1, +3, +5, +7ге барабар. И. суу өсүмдүктөрүнүн организминде (балырларда) чо­гулат. И. металлдык жалтырактыкка ээ; кара­күрөң түстөгү кристаллдык зат; тыгыздыгы 4,94 г/см3; кайноо t 185,5°С, балкып эрүү t 113,5°С. Суюк ж-а газ абалындагы Й-дун молекуласы эки атомдон турат (I2). Кадимки шартта кескин жыттуу, кызгылт көк түстө, ал эми ысытканда суюк абалга өтпөй, түздөн-түз бууланат. Сууда начар, күкүрттүү көмүртекте, спиртте ж-а бен­золдо жакшы эрийт. Хим. активдүүлүгү хлор м-н бромго караганда төмөнүрөөк. Металлдар м-н ысытканда реакцияга тез кирип, йодиддер­ди, суутек м-н И-дуу суутекти пайда кылат. Кө­мүртек, азот, кычкылтек м-н түздөн-түз кошул­байт. И-дун окистендиргич касиети хлор м-н бромго салыштырмалуу начар келет. Жегичтер­дин ысытылган суудагы эритмелери м-н йодид ж-а йодаттарды пайда кылат: 3I2+6NaOH= =5NaI+NaIO3+3H2O. Крахмалга И-дун эритме­син тамызганда көк түстү пайда кылат. И. азот­тун кош оксидин пайда кылуу м-н кычкылда­нат: I2+10HNO3 =2HIO3+10NO2+4H2O. Ө. ж-да нефть кендерин бургулоодо чыккан суулардагы ж-а деңиз сууларындагы иодиддерди Cl, NaNO3 м-н окистендирип, андан кийин активдүү көмүр м-н адсорбциялоодон алынат. И. ж-а анын би­рикмелери медицинада ж-а биологияда, мис., ра­диоактивдүү изотобу калкан безинин ооруларын (богок ж. б.) дарылоодо, анализдик химияда, орг. синтезде ж-а сүрөт ишинде реагент катары, ал эми ө. ж-да металлды термиялык ажыратууда йодиддер катализатор катары колдонулат.