ИНЧХОН
ИНЧХО́Н , Ч е м у л ь п о – Корей Респ-ндагы шаар. 1981-жылдан борборго баш иет. Статусу б-ч провинцияга теңдеш. Корей ж. а-нын батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 2,5 млн (2008); калкынын саны б-ча өлкөдөгү Сеул м-н Пусандан кийинки 3-шаар. Түш. Кореядагы маанилүү жол тоому. Сеулдун деңиз аванпорту. Өлкөдөгү Пусандан кийинки 2-порт (2003-ж. 131,0 млн т жүк ташылган), автомобилдер (жылына 300 миңден ашык) экспорттолот. Деңиз парому аркылуу кытай, корей порттору ж-а жакын жай-
гашкан аралдар м-н байланышат. Өлкөнүн эң ири эл аралык аэропорту. Метрополитен иштейт. И. 5-к-дан Мичухол деген ат м-н белгилүү. 1413- жылдан азыркы атында. 1904-ж. И. гаванында орус крейсери «Варяг» ж-а «Кореец» канонера кайыгы м-н япон эскадрасынын ортосунда салгылашуу болгон. Неоготика стилиндеги Дап-Дон католик чиркөөсү (1894–97), Ыйык Павел православие храмы, эстеликтер, кытай кварталы (Чайна-таун, 19-к.), аскер чептеринин калдыктары (13- ж-а 17-к-дын ортосу) ж. б. сакталган. Ун-ттер, музейлер [а. и. шаар (4 миңден ашык иск-во буюмдары), карапа ж. б.] бар. Машина куруу (а. и. кеме), кара металлургия, нефть ажыратуу, хим., электр-тех., электроника, текстиль, жыгаччылык, тамак-аш (балык беленделет)
ө. ж., такта айнек ж-а карапа өндүрүшү иштейт.
Эл аралык соода ж-а туризм өнүгүүдө.