ИНФРАҮН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:30, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ИНФРАҮН (лат. infra – төмөн, астында) – адам кулагына угулбаган төмөнкү жыштыктагы (16 Гцтен аз) серпилгичтүү толкундар. Чоң амплитудалуу И. кулакты оорутат. И. деңиз толкунунун шарпылдашынын ж-а атмосфера чуу­сунун курамына кирет. И. булагы – атмосфера м-н шамалдын турбуленттүүлүгү (баш аламан, куюн түрүндө), чагылган разряды, жарылуу, атылуу, жер алдындагы силкинүү ж. б. түрдүү чөйрөдө начар жутулгандыктан, И. алыска та­райт. Бул касиети алыстагы күчтүү жарылуу, атылуу ж. б. кубулуштар болгон жердин ара­лыгын аныктоого мүмкүндүк берет. И. м-н атм­нын жогорку катмары ж-а деңиз тереңи изил­денет. И. микрофон, гидрофон, геофондордун жардамы м-н кабыл алынат.